Загрузка документа…
КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 17/6
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 01.01.2016-жылдан 31.12.2016-жылга чейинки мезгилдери үчүнжүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин кезексиз заседаниеси айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 01.01.2016-жылдан 31.12.2016-жылга чейинки мезгилдер аралыгындагы үчүн жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айрым кемчилдиктерге жол бергендиги үчүн ФЭБ нүн башчысы К.Асановго, жер адиси Т.Кыдыркуловго эскертүү берилсин.
2. Кетирилген жетишпестиктер жана төлөмдөр оордуна коюлгандыгы белгиленсин. Социалдык фондго чегерилүүчү 15,4 миң сом төлөмдү өндүрүү жагы милдеттендирилси.
3. Мындан ара мыйзамсыз көрүнүштөргө жол бербөө жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Асановго жана тиешелүү адистерге милдеттендирилсин.
Төрага | С. Жээналиев |