КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коӊур-Дөбө айылдык Кеӊешинин V чакырылышынын кезексиз XVII отуруму
2018-жылдын 13-февралы № 17/7
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу,Жар-Кыштак айылынан батыш тарабындагы,айыл чарбасына жараксыз жерден кичи футбол аянтчасына жер бөлүп берүү жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 3 бөлүмүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу.Жар-Кыштак айылынан батыш тарабынан айыл чарбасына жараксыз жерден кичи футбол аянтчасына 0,9 сотых жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жар-Кыштак айылынан батыш тарабындагы,айыл чарбасына жараксыз жерден жаштар үчүн кичи футбол аятчасына берилген жердин тийешелүү документтерин бүткөрүү Жар-Кыштак айылынын айыл башчысы Т. Батыровга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Кыдыркуловго тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |