Загрузка документа…
КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 11/1
Алай райондук прокуратурасынын №340-17.08.06. 2017-жылдагы каршылык билдирүүсүндө Коңур-Дөбө айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 12\6 сандуу токтому мыйзамсыз болгондуктан жокко чыгаруу жөнүндө
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө дарыясындагы көпүрөнүн батыш тарабындагы айыл чарбасына жараксыз жерден көрктөндүрүү үчүн Кайназаров Темирге 0,40 га жер аянты берилген, 2012-жылдын 11-апрелиндеги Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин №12\6 сандуу токтому мыйзамсыз болгондуктан жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер боюнча кодекстин 4-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Алай райондук прокуратурасынын №340-17.08.06.2017-жылдагы каршылык билдирүүсүндө Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин 2012-жылдын 1-апрелиндег № 12\6 сандуу токтому мыйзамсыз болгондуктан жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер боюнча айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Кыдыркуловго тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |