Загрузка документа…
КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 11/6
Коңур-Дөбө айылдык Кенешинин №19/9 28-июнь 2013-жылдагы токтомун чакыруу жана Өйүз участкасынан айыл чарбасына жараксыз жерден бейиттин жогору жагынан 20 сотых жер таштандыга берүү жөнүндө
Райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттообашкармалыгы жана КРӨ караштууэкологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Алай,Чоң-Алай райондору боюнча регионалдык башкармалыгы, айыл чарбасына жараксыз жерден таштанды таштоого мүмкүн эмес жана трансформация болбогондуктан, уруксат берилбегендигине байланыштуу, «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 31 беренесинин 2 пункутуна ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коңур-Дөбө айылдык Кеңештин 3-чакырылышынын 19-заседаниесинин №19/9 28-июнь 2013-жылдагы токтому кайтарылып алынсын.
2. Өйүз участкасынан айыл чарбасына жараксыз жерден бейиттин жогору жагынан 20 сотых жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айылдык Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Кыдыркуловго тапшырылсын.
Төрага | С. Жээналиев |