Загрузка документа…
КОӉУР-ДөБө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-октябры № 15/2
Коӊур-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укутары өткөрүлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыт жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык Кенеши Коңур-Дөбө жайыт жерлерин натыйжалоо жана сарамжалдуу башкарууну ижана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Коңур-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана аны аны аткаруу органы жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатын көп жылдык жана 1 жылдык пландарынын негизинде ган жүргүзүлүүсү милдеттендирилсин
3. Ушул токтомдун 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоео кемчилидиктерге жол берилсе анын ичинен жайыт комитетинин карамагынындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча органына кайтарылып жайыт пайдалануучула бирикмесине жана анын аткаруу органы жайыт комитетине эскертилсин
4. Жайыт комитетинин башчысы жайыт комитетинин мүчөлөрүнө жайыт пайланычууларгажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлдөрүнө жайыт пайдалануучулар бирикумесинин уставына жана беитилген пландарга ылайык өз убагында толук менен тийиштүү отчетторду маалыматтарды берип туруусуна милдеттүүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө аткарууда ар тараптан жарандар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерди башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар КР “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Азимжановго жүктөтүлсүн
Төрага С. Жээналиев