Загрузка документа…
ГүЛЧө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 14/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдагы аткарылышы, 2018-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын «Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга жана 2019-2020- жылга болжолдуу пландарын бекитуу боюнча билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык Кеӊешинин 14-чакырылышынын 28-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 31614,3 миӊ сом болуп бекитилип жыл ичинде киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолордун негизинде киреше бөлүгү 31 950,3 мин сом болуп 101% га аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджети Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан берилген контролдук сумма өздүк кирешеден 27816,8 миӊ сом, атайын каражаттан 4230,0 миӊ сом жалпы кирешелер бөлүгү 32046,8 миӊ сомго айыл өкмөтүнүн өздүк расчетторунун негизинде 2018-жылы Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер бөлүгү 32046,8миӊ сом болуп бекитилсин.
Кирешелер бөлүгү боюнча төмөндөгүдөй :
3. Салык агенттиги төлөөчү кирешелер салыгы—15,0 миӊ сом,Чакан ишкердиктин субьекттери үчүн бирдиктүү салык-112,0 миӊ сом, Милдеттүү патенттин негизинде салык-254,0 миӊ сом, Ыктыярдуу патенттин негизинде салык-3818,0 миӊ сом, 2-топтогу ишкердик үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык-423,0 миӊ сом,Юридикалык, жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык-1912,0 миӊ сом, Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу учун жер салыгы- 121,0 миӊ сом, Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы-47,0 миӊ сом,Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы-1190,0 миӊ сом Сатуудан салык-3115,8 миӊ сом Дагы башка жер алдындагы суулар-67,0 миӊ сом, Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы-350,0 миӊ сом, Жайыт ижарасы үчүн -32,0 мин сом, Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы үчүн акы-90,0 миӊ со, Муниц менчикте турган жайлардын имараттардын жана курулмалардын ижара акысы-35,0 миӊ сом, Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым -330,0 миӊ сом, Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы-4230,0 миӊ сом, Тендөөчү грант-0, Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы-960,0 миӊ сом,
Жалпы киреше бөлүгү 32046,8 миӊ сом суммасында бекитилсин.
4.Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга чыгаша бөлүгү:
1.Башкаруу аппаратына-8190,5 миӊ сом
2.Коммуналдык тейлөө кызматына-4608,2 миӊ сом
3.Маданият болумуно -1370,5 миӊ сом
4.Билим берү бөлүмүнө-14853,8 миӊ сом
5.Социалдык коргоого-677,0 миӊ сом
Жалпы чыгаша 30 000 ,0 миӊ сом суммасында бекитилсин.
5. Гүлчө айыл окмотунун 2018-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн сырткары түшкөн кирешелерге айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде кошумча план боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизууу менен айылдык кенештин сессиясына сунуш кылуу Гүлчө айылдык кенешинин экономика.бюджет муниципиалдык менчик, инвестиция ишкердик кылуу жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Гүлчө айыл окмотунун 2019-жылга 33 879,0 миӊ сом, 2020-жылга 35871,0 миӊ сом бюджетинин долбоору жактырылсын.
7.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын жана каралган беренелердеги акча каражаттарын максаттуу каржыланышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу А. жана ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин
8. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу Гүлчө айылдык кенешинин экономика, бюджет муниципиалдык менчик, инвестиция ишкердик кылуу жана тышкы экономиклык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Исмаилов