Загрузка документа…
ГүЛЧө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-декабры № 14/2
Гүлчө айылына эмгеги синген атуулдарга «Гүлчө айылынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Абдыкапаров Жаныбектин билдирүүсүн угуп жана талкулоонун Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, социалдык маселелерди чечүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Гүлчө айылдык кенешинин депутаты Жээнбеков Дамирбек Темировичке «Гүлчө айылынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн «Гүлчө айылынын ардактуу атуул» наамын ыйгарууга тиешелүү документтерди даярдоо жана жасоо айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Э. Кадыровага милдеттендирилсин.
3. Керектелүүчү акча каражаттарын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Исмаилов