Редакцияот 23.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГүЛЧө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI отуруму

 

2018-жылдын 23-январы № 16/6

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 5-майында чыккан №177 токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдында комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 16-отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылы чыккан №177 токтомуна ылайык түзүлгөн Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштардагы бош жаткан жер участокторуна жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин:

1. Каришов Султанбек - Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.

2. Какаров Рустам – Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы.

3. Жээнбеков Дамир – айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.(макулдашуу менен).

4. Алтыбаев Талант - айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү. (макулдашуу менен).

5. Мусаева Мээрим – айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын мүчөсү.

6. Исакулов Эркин – Алай райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын мүчөсү.

7. Сыдыков О – Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси, комиссиянын мүчөсү.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                             К.Исмаилов