Загрузка документа…
ГүЛЧө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-январы № 16/7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрында чыккан № 571 токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдында комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 16-отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011- жылы чыккан № 571 токтомуна ылайык түзүлгөн Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштардагы жер участокторуна жеке менчик же ижара укугун берүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин:
1. Каришов Султанбек - Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
2. Какаров Рустам - Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси, комиссиянын катчысы.
3. Жээнбеков Дамир - айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү. (макулдашуу менен).
4. Алтыбаев Талант - айылдык Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.(макулдашуу менен).
5. Мусаева Мээрим - айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын мүчөсү.
6. Исакулов Эркин - Алай райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкы адиси, комиссиянын мүчөсү.
7. Сыдыков О - Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси, комиссиянын мүчөсү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага К.Исмаилов