Загрузка документа…
ГүЛЧө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-январы № 16/9
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардаайыл чарбасына жараксыз жерлерди көрктөндүрүү үчүн убактылуу пайдаланууга алган жер участокторунун ижара акысын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 16-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы айыл чарбасына жараксыз жерлерди көрктөндүрүүгө убактылуу пайдалануу үчүн ижара акысы:
- Гүлчө айылына – бир сотых жерге – 50(элүү) сомдон
- Айыл өкмөтүнүн аймагындагы башка калктуу конуштарга – бир сотых жерге – 30(отуз) сомдон болуп бекитилсин
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана салык инспекторлоруна тапшырылсын.
Төрага К. Исмаилов