Редакцияот 23.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГүЛЧө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айыл Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI отуруму

 

2018-жылдын 23-январы № 16/10

Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө

Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 16-отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл башчылары М. Арзыкулов, М.Тоймаматов, К. Молдоматов, А. Шамшиев, Ү.Ормоновдордун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын аткарып жаткан иштеринин абалы эске алынсын.

2.Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын маселелерин өз убагында чечип ар дайым чогуу иш алып баруу айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.

3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                      К. Исмаилов