Загрузка документа…
ГүЛЧө АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-январы № 16/11
Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандарынан талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкулоонун негизинде жана Кыргыз Республикасынын 19.02.2013-жылдагы № 23 Мыйзамынын негизинде Гүлчө айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамынаГүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарды көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдор бекитилсин(протоколдор тиркелет).
2. Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган төмөндөгү жарандар аймактык комиссиясынын курамына сунушталсын:
1. Жороев Авазхан Гүлчө айылынын-«Адылжан ака» жамаатынан;
2. Аматов Алтынбек - Курманжан датка айылынан
3. Пазылова Рысгүл Кенжебаевна-Гүлчө айылынын Дубанаев көчөсүнүн жашоочуларынан;
4. Арынбек уулу Эламан-Т.Сопиев мектебинен;
5. Сулайманов Жыргалбек-Гүлчө айылынын Набережная жамаатынан;
6. Илияз кызы Базарбу-№1 балдар бакчасынын эмгек жамаатынан
7. Абжалиева Жаннат-Кыркол жамаатынан
8. Камбарова Минавар-№ 3 балдар бакчасынын тарбиячыларынан;
9. Алмаматов Бакытбек-Жылы-Суу жамаатынан
3. Сунушталган талапкерлердин тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап, даярдап Борбордук шайлоо комиссиясынын райондук бөлүмүнө тапшыруу жооптуу катчы Э.Кадыровага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К. Исмаилов