Редакцияот 05.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Капчыгай айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын I уюштуруу жыйналышы

 

2017-жылдын 5-январы № 1.3

Капчыгай айылдык округунун кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясын курамын шайлоо жөнүндө

Капчыгай айылдык округунун Кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 37-беренесинин жана Капчыгай айылдык округдук Кеңешинин регламентинин негизинде Капчыгай айылдык округунун Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

Капчыгай айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнү уюштуруу үчүн эсептөө комиссиясын түзүү боюнча депутаттардан турган төмөндөгүдөй эсептөө комиссиясы түзүлсүн.

1. Сайдилканова Перизат - № 1- үч мандаттуу Караташ шайлоо округунан депутат

2. Карасартов Махмудаали - № 2- сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайлоо округунан депутат

3. СыдыковЭржанСейитбекович - № 2-сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайлоо округунан депутат.

Түзүлгөн эсептөө комиссиясы өз курамынан комиссиянын төрагасын,катчысын,мүчөсүн шайлашсын.

Капчыгай айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону мыйзам чегинде туура өткөрүү эсептөө комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                    Ж. Турганбаев