Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-январы № 2.2
Капчыгай айылдык Кенешинин № 2 сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайло оокругунун депутаты Сыдыков Эржан Сейитбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктундагы жана «Жергиликтүү Кенештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык Сыдыков Эржан Сейитбековичтин арызын карап жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Капчыгай айылдык Кенешинин № 2 сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайлоо округунун депутаты Сыдыков Эржан Сейитбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Ушул токтомду бекитип берүү менен 2016-жылдын 11-декабрындагы Жергиликтүү кенештерди шайлоонун жыйынтыгында № 2 сегиз мандаттуу Сары-Бээ шайлоо округунан резервдеги көп добуш алган талапкерге депутаттык ыйгарым укуктарды берүү Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары П.Сайдилкановага милдеттендирилсин
Төрага Ж. Турганбаев