Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 26
Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2017-жылда аткарган иштеринин жана 2018-жылга карата милдеттери боюнча отчету жөнүндө
Жылалды айылдык Кеӊешинин (VI шайланган) кезектеги VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2017-жылда аткарган иштеринин жана 2018-жылга карата милдеттери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл өкмөтүнө башчысы Р. Абдуллаевдин 2017-жылда аткарган иштеринин жана 2018-жылга карата милдеттери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2018-жылга кабыл алынган милдеттер айыл башчыларга, мекеме-уюмдун жетекчилерине жеткирилип, толук аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Абдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |