Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 29
Күздүк, жаздык эгиндерге түшкөн малдарга айып салуу жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектеги VIII сессиясынын күн тартибиндеги күздүк, жаздык эгиндерге түшкөн малдарга айып салуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын арасындагы жаздык, күздүк эгиндерге түшкөн малдарга төмөндөгүдөй тартипте айып салынсын:
Кара малга - 500 сом
Жылкыга - 500 сом
Кой-эчкиге - 20 сом
Эшектерге - 100 сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |