Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 30
Спорт боюнча балбандарга жана билим берүү мекемелерине акча каражатын бөлүп берүү боюнча Х. Ильяхуновдун билдирүүсү жөнүндө
Жылалды айылдык Кеӊешинин ( VI шайланган) кезектеги VIII сессиясынын Спорт боюнча балбандарга жана билим берүү мекемелерине акча каражатын бөлүп берүү боюнча Х. Ильяхуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын арасындагы жаштардын спорт боюнча балбандарга, спорттук олимпиадаларга катышуу максатында 40,0 ( кырк миӊ) сом жана айыл аймагындагы төрт билим берүү мекемелерине 15,0 (он беш миӊ) сомдон, 60,0 (алтымыш миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |