Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 31
Жылалды айылындагы 1,0 га тыт багынын аянтынын ордун алма бак аянтына алмаштыруу жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү VIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылындагы 1,0га тыт багынын аянтынын ордун алма бак аянтына алмаштыруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айылындагы 1,0га тыт багынын аянтынын ордуна, алма бак аянтына алмаштырылсын.
2. Айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп, жеринде текшерүүгө алынып, тыт багынын отундарынын 1кубун 300 сомдон сатылышына жана сатуудан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн кассасына кириштелсин жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Ж. Баргыбаевге бул иштерди аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
3. Аренда жер ээси Убукеев Курсантбекке тыт багынын отундары алынаары менен тез арада алма көчөттөрүн эгүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |