Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 32
Н. Асылбековдун союз маалынан бери өзү пайдаланып келе жаткан 0,20га жер аянтына логистикалык имарат куруу жөнүндө
Жылалды айылдык Кеӊешинин ( VI шайланган) кезектүү VII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айылынын тургуну Н. Асылбеков союз маалынан бери өзү пайдаланып келе жаткан 0,20га жер тилкесине Жазы өрөөнүнүн аймагында жашаган тургундары өндүргөн жашылча мөмө-жемиштер продуктыларын сактоочу логистикалык имарат куруу үчүн уруксат берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жылалды айылынын тургуну Н. Асылбеков союз маалынан бери өзү пайдаланып келе жаткан 0,20га жер тилкесине Жазы өрөөнүнүн аймагында жашаган тургундары өндүргөн жашылча мөмө-жемиштер продуктыларын сактоочу логистикалык имарат куруу үчүн уруксат берилсин.
2. Жылалды айылынын тургуну Н. Асылбеков союз маалынан бери өзү пайдаланып келе жаткан 0,20га жер тилкесине Жазы өрөөнүнүн аймагында жашаган тургундары өндүргөн жашылча мөмө-жемиштер продуктыларын сактоочу логистикалык имарат куруу үчүн , 0,20га жер аянтына токтом берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Мамлекеттик каттоо кызматынын Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан аталган жер аянтына ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеёешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |