Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 37
Жунусбаев Канатбекке тиешелүү жеке-менчик жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Жылалды айылдык Кеӊешинин ( VI шайланган) кезектүү VII сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылындагы аталган жер тилкеси жайгашкан айыл калктуу конуш болуп калгандыгына байланыштуу, тиешелүү жер тилкесинин багытын мал чарба багытынан өндүрүш багытына өзгөртүп курулуш курууга уруксат берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Прогресс айылындагы Жунусбаев Канатбекке тиешелүү жер тилкесинин багытын мал чарба багытынан өндүрүш багытына өзгөртүп курулуш курууга уруксат берилсин.
2. Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик каттоо кызматынын Өзгөн райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |