Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-декабры № 23
Красный-Маяк айылындагы 1,02га тыт багынын аянтынын ордун алма бак аянтына алмаштыруу жөнүндө
Жылалды айылдык Кеӊешинин (VI шайланган) кезектүү VII сессиясынын күн тартибиндеги Красный-Маяк айылындагы 1,02га тыт багынын аянтынын ордун алма бак аянтына алмаштыруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Красный-Маяк айылындагы 1,02га тыт багынын аянтынын ордун алма бак аянтына алмаштыруу үчүн Өзгөн шары, Кара-Кулжа, Өзгөн райондору боюнча региондук башкармалыгынын 8-декабрь 2017-жылдагы № 23-17-150 катынын негизине таянып, тыт багынын орду алма бак аянтына алмаштырылсын.
2. Айыл өкмөтү тарабынан комиссия түзүлүп, жеринде текшерүүгө алынып, тыт багынын отундарынын 1кубун (шакчасы менен) 300 сомдон сатылышына жана сатуудан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн кассасына кириштелсин жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Ж. Баргыбаевге бул иштерди аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
3. Аренда жер ээси Балтабаева Санамканга тыт багынын отундары алынаары менен тез арада алма көчөттөрүн эгүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |