Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-июну № 21
Зергер айыл аймагындагы айылдарда жер көчкү боюнча корутунду берилген атуулдарга жер участка алууга макулдук берүү жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезексиз сегизинчи сессиясы Зергер айыл аймагынын айылдарында жер көчкү боюнча корутунду берилген атуулга жер участка алууга макулдук берүү жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси М.Сагынбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Зергер айыл аймагынын айылдарында жашаган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинини миниторинг департаменти тарабынан жер көчкү боюнча корутунду берилген атуулдарга коопсуз жайдан турак жай салууга кезексиз жер участка алууга макулдук берилсин.
2. Турак жай салууга жер тилкесине муктаж жер көчкү коркунучунда жашап жаткан атуулдарга коопсуз жайдан жер тилкелерин алуусуна көмөк көрсөтүү айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл-суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С. Кулушов |