Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-сентябры № 29
Аюу айылына жаңы мектеп куруу үчүн бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жер аянтын калктуу конушка которуу(трасформациялоо) жөнүндө
Зергер айылдык кенешинин кезектеги 10-сессиясы Аюу айылынын тургундары Мирзаназаров Инабидин жана Көчкөнөв Колдашалинин пайдаланып жаткан үлүшүндөгү жер аянтына жаңы мектеп куруу жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Зергер айыл өкмөтүнүн Аюу айылынын тургундары Мурзаназаров Инабидиндин жана Көчкөнөв Колдошалинин пайдаланып жаткан 1,0 га үлүш жерлерине Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 68-беренесинин 1 жана 4-пунктарынын негизинде жаңы 150 (жүз элүү) орундуу мектеп куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Аюу айылына жаңы мектеп куруу үчүн бөлүнгөн айыл чарба багытындагы 1,0 га жер аянтын калктуу конуш категориясына которуу(трасформациялоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
3. Аюу айылына жаңы мектеп куруу үчүн алынган жер аянтынын ордуна Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 68-беренесинин 4-пунктунун негизинде Мурзаназаров Инабидин жана Көчкөнөв Колдошалиге башка жерден үлүш жер аянтын бөлүп берүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4. Бөлүнүп берилген жер аянтына курулуш куруу Зергер айыл өкмөтүнүн жана тийиштүү субьектилер менен макулдашуу жана жер мыйзамдарын сактоо жагы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр- жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С. Кулушов |