Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 33
Зергер айылдык Кеӊешинин 2018-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Зергер айылдык кеңешинин Регламентине ылайык Зергер айылдык Кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планын карап, талкуулап чыгып Зергер айылдык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Зергер айылдык кеңешинин 2018-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме ).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өз жоопкерчилигиме калтырам.
Төрага | С. Кулушов |
Зергер айылдык кеӊешинин
2018-жылдын 2-февралындагы
№33 токтомуна тиркеме
Зергер айылдык Кеңешинин 2018 – жыл үчүн иш планы
I. 2018 – жылы Зергер айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
Айылдык кеңешинин 2018–жыл үчүн иш планын бекитүү (2018-жыл, февраль айы, кеңештин төрагасы).
Зергер айыл өкмөтүнүн 2017-жылы социалдык экономикалык өнүгүү программасынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү 2017 – жыл үчүн жылдык отчету. (2018-жыл, январь айы «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы», Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи).
Зергер айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2018-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, айыл өкмөтүнүн ветадиси).
Жайыт комитетинин 2017-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2018-жыл үчүн бюджетин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2018-жыл, 1-квартал, “Айыл-суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия”, Жайыт комитетинин башчысы)
Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө жана маданият үйүнүн,айылдык китепкананын калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө. (2018-жыл, 2-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөтүнүн соцадиси).
Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2018-жыл, 3-квартал, «Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия», айыл өкмөт башчысынын орун басары)
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдын 6 айында кирешелер жана чыгашалар боюнча планынын аткарылышы жөнүндө (2018-жыл, 3-квартал, «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссия», Зергер айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи).
II. Уюштуруу-массалык иштер
|
|
|
|
|
| |||||||
Иш чаранын мазмууну |
| Мөөнөтү |
| Аткаруучулар, жооптулар | Эскертүү |
| ||||||
Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, таштанды чыгаруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. |
| Жыл ичинде |
| Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
| ||||||
Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) Айыл өкмөтүнүн жана айыл башчылардын аткарган иштери боюнча отчеттун угуу |
| Жылына кеминде эки жолу |
| Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар |
|
| ||||||
Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик жыйында угуу Айыл өкмөтүнүн аткарган иштери боюнча отчетун угуу |
| Жылына бир жолу |
| Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы, депутаттар |
|
|
| |||||
Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка карай). Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө. |
| Жыл ичинде |
| Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, турук. комиссиянын төрагалары |
|
| ||||||
Райондук, облустук жана айыл аймактык деңгээлдеги жыйындарга (коллегияларга, координациялык кеңештерге, элдик жыйындарга ж.б.) катышуу (зарылдыкка карай) |
| Жыл ичинде |
| Бардык депутаттар |
| |||||||
Алтынчы чакырылыштагы Зергер айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө |
| 2018-ж., ар кварталда |
| Кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
| |||||||
| ||||||||||||
| ||||||||||||
Зергер айылдык кеңешинин төрагасы С.Кулушов