Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 34
Турак жай куруу үчүн айдоо аянттарын (трансформациялоо) которуу жөнүндө
Зергер айыл аймагындагы жер көчкүдөн жабыркаган жана турак үйлөрү кооптуу жайда болгон үй-бүлөлөргө Зергер айыл аймагынын Токтогул, Зергер,Аюу айылдарындагы кайра болүштүрүү фондунун шарттуу сугат айдоо жерлерин жана кайрак айдоо жерлерин турак-жай куруу үчүн турак-жай фондуна которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Зергер айыл өкмөтүнүн сунушун угуп талкуулап Зергер айылдык кенешинин кезектеги он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Токтогул айылындагы кайра болуштуруу фондунун № 2829 контурундагы 6,60 га шарттуу сугат айдоо жер, №2848 контурундагы 1,58 га шарттуу сугат айдоо жер, Аюу айылындагы кайра болуштуруу фондунун №1538 контурундагы 1,60 га, №1545 контурундагы 4,70 га кайрак айдоо жер, Зергер айылындагы кайра болуштуруу фондусунун №1598 контурундагы 1,0 га кайрак айдоо жер, баардыгы кайра бөлүштүрүү фондунун 15,48 га айдоо жери, анын ичинде 8,48 га шарттуу сугат айдоо жери, 7,30 га кайрак айдоо жери жеке менчик турак жай куруу үчүн айыл чарба жерлер категориясынан калктуу конуштар жерлери катогориясына которуу трансфармациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.
2. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл-суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С. Кулушов |