Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 36
Зергер айыл аймагынын «Ардактуу жараны» наамын берүү жөнүндө
Зергер айыл аймагынын Токтогул, Зергер,Ничке-Сай айылдарынын жалпы элдик жыйындарынын Абжапаров Тенизбек Жусупбековичке,Темирбаев Турдали Абдыкеримовичке, Калыева Өктөм Аширбаевнага Зергер айыл аймагынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун карап,талкуулап чыгып, «Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны» жөнүндөгү жобонун негизинде Зергер айылдык кенешинин кезектеги 13-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан эсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Абжапаров Тенизбек Жусупбековичке, Темирбаев Турдали Абдыкеримовичке, Калыева Өктөм Аширбаевнага Зергер айыл аймагынын «Ардактуу жараны» наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Кулушов |