Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 5/13
Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынынКызыл-Тал участкасынын аймагынан эл аралыкаэропорт куру үчүн 244,38 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн2017-жылдын 24-апрелиндеги № 17 токтомун бекитүү жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын Кызыл-Тал участкасынын аймагынан Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 22-январындагы №7-б «Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндө» буйругу менен түзүлгөн комиссиясынын 2017-жылдын 17-апрелиндеги кортундусунун негизинде эл аралык аэропорт куруу үчүн 244,38 га жер аянты анын ичинен 149,06 га кайрак айдоо , 47,07 га жайыт жери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан жана 48,23 га жер аянты «Калктуу конуштун жерлери» категорияларынан «Өнөр жайдын , транспорттун , байланыштын , коргонуунун жерлери жана башка жерлер» категориясына которуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын Кзыл-Тал участкасынын аймагынан Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 22-январындагы №7-б «Жерге болгон мамилелерди мыйзам чегинде жүргүзүү жөнүндөгү» буйругу менен түзүлгөн комиссиянын 2017-жылдын 17-апрелиндеги кортундусунун негизинде эл аралык аэропорт куру үчүн 244,38 га жер аянты анын ичинен 149,06 га кайрак айдоо , 47,07 га жайыт жери «Калктуу конуштун жерлери» категорияларынан «Өнөр жайдын, транспорттун , байланыштын , коргонуунун жерлери жана башка жерлер» категориясына которуу жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-апрелиндеги №17 токтому бекитилсин
2. Эл аралык аэропорт куруу үчүн бөлүнүп жаткан 244, 38га жер аянтынан бир категориядан бир категорияга которууга тийиштүү болгон иш-кагаздарын даярдоо жагы Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кенешинин жер жана транспорт боюнча (Д. Каримов, Н. Токторов) туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | С. Асанов |