Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 15
Асан-Чек айылындагы мечиттинкурулушу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Асан-Чек айылынын тургундары айыл өкмөтүнүн мадиният үйүнүн жанындагы мурдагы Чайхананы мечит катарында колдонуп келишкен, азыркы учурда айыл тургундары демөөрчүлөрдүн жардамы менен бул чайхананын оордуна мечит куруу максатында айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен уруксат сурап арыз менен кайрылышкан Мады айылдык Кеӊеши бул арызды карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чайхананы бузуп оордуна мечит курууга уруксат берилбесин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигине мечит куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жагыжүктөлсүн жана ушул жерге мечит курууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин тийиштүү туруктуу комиссиясына (А.Сидиков) жүктөлсүн.
Төрага | С. Асанов |