Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 17
Мады айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-2021-жылдарга карата түзүлгөнстратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Мады айылдык өкмөтүнүн социалдык-экономикалык мөнүгүүсүнүн 2017-2021-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүү планын түзүү боюнча өткөрүлгөн коомдук угуудагы эл тарабынан айтылган ой пикирлерди угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 47- беренесинин 1-пунктуна ылайык Мады айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл аймагында өткөрүлгөн 2017-жылдын 9-февралындагы коомдук угуунун протоколу колдоого алынып жактырылсын.
2. Мады айыл өкмөтүнүн 2017-2021-жылдарга карата түзүзлгөн социалдык –экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.(тиркелет)
Төрага | С. Асанов |