Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 20
Калктын социалдык жактан коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүнүдө
Калкты социалдык жактан коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндөгү Мады айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси Ж.Токтосунованын маалыматын угуп ,талкуулап Мады айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси Ж.Токтосунованын маалыматы эске алынсын.
2. Мады айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана соц кызматкерлерине:
- Калыкты социалдык жактан тейлөөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бериллүүчү материалдык жардамдар жана жөлөк пулдардын даректүү жеткирилиши камсыз кылынсын.
- Тоголок жетимдерге ,жарым жетимдерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген тубаса майыптарга айыл өкмөтү тарабынан материалдык колдоолорду берүү жагы күчөтүлсүн.
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарга күбөлүктөрдү алып берүүдө кечиктирилгис чараларды көрүү жагы тапшырылсын .
3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Асанов |