Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 21
СПАлар жана ИСКАКБлардын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Мады айылдык Кеӊештин кезектеги сессиясы айыл өкмөтүнүн аймагындагы СПАлардын жана ИСКАКБлардын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматын угуп,талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл өкмөтүнүн аймагындагы СПАлардын жана ИСКАКБлардын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маалыматтары белгиленсин.
2. СПАлардын жетекчилерине өздөрү тейлеген участкаларды сугат мезгилинде сугат суу менен тынымсыз камсыз кылуу милдеттендирилсин
3. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жагы ИСКАКБлардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
Төрага | С. Асанов |