Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-сентябры № 24
Мады жайыт комитетинин бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мады жайыт комитетинин жетекчиси Ж.Исмаиловдун 2017-жылга жайыт комитетинин 360 миӊ өлчөмүндө бекитилген бюджеттин эсебинен токой чарбасына ижара акы катары төлөнгөн 112 миӊ сомду жана жайыт комитетинин эмгек салымы үчүн сарпталган 48 миӊ сом өлчөмүндөгү сумманы жайыт комитетинин бюджетинен кыскартып, калган сумманы жайыт комитетинин бюджети катарына өзгөртүү киргизип бектип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады жайыт комитетинин 360 миё сом өлчөмүндө бекитилген бюджетинин эсебинен токой чарбасына ижара акы катарында төлөнгөн 112 миӊ сомду жана жайыт комитетинин эмгек салымы катарында сарпталган 48 миӊ сомду кыскартып, жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 200 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт комитети аркылуу түшүүчү кирешенин үчтөн бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн бюджетине түшөөрү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Асанов |