Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-сентябры № 27
Мады айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 29-апрелиндеги № 15 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыщ Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү» Мыйзамынын 10-статьясынын 1-бөлүмүн негиз кылып, Мады айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 29-апрелиндеги №15 токтому учурдагы талаптарга карама каршы келип калгандыгына байланыштуу жана Асан-Чек айылынын тургундарынын суроо талаптарын эске алып токтомго өзгөртүү киргизүү максатында Мады айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Токтомдун биринчи пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: «Эски мечитти бузуп ордуна заманбап жаӊы мечит курууга уруксат берилсин.
2. Мечитке тиешелүү жер тилкеси бөлүнүп, мыйзамга тура келсе жанына социалдык курулуш курууга уруксат берилсин.
3. Мечитти бузуу иштери атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлүндө жүргүзүлүп, чыккан материялдык баалулуктар айыл өкмөтүнө актынын негизинде өткөрүлүп берилсин.
4. Мады айылдык кеӊешинин 2017-жылдын 29-апрелиндеги № 15 токтому чыккан күндөн баштап күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Асанов |