Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-октябры № 28
Каарман айылындагы Б. Азизов атындагы орто мектебинин аймагында спорт аянтчасын куруу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылынын тургундарынан жана жаштарынын айылдагы Б. Азизов орто мектебинин аймагында баардык шарты бар заманбап спорт аянтчасын курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып Мады айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Б.Азизов атындагы орто мектебинин аймагында баардык шарты бар заманбап спорт аянтчасын курууга макулдук берилсин.
2. Жаӊыдан курулуучу спорт аянтчасынын оордун жеринде тактап көрсөтүп берүү жана тийиштүү иш кагаздарын даярдап бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Сидиковго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Асанов |