Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-октябры № 29
Каарман А.Азизов атындагы ИСКАКБнин ичүүчү таза сууга коюлган бааларын бекитүү жөнүндө
Каарман айылында Б.Азизов айылындагы ИСКАКБнын башкаруу Кеӊешинин жалпы жыйынында ИСКАКБнын жетекчиси А.Сидиковдун берген маалыматынын негизинде айылдагы тургундарды ичүүчү таза сууга койгон төмөндөгү бааларды талкуулап,угуп Мады айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Каарман айылындагы Б.Азизов атындагы ИСКАКБнын ичүүчү таза сууга койгон төмөндөгү баалары бекитилсин.
- көчөдөгү суу түтүгүнөн суу ичкендер үчүн бир адамга бир айга 8 (сегиз) сом
- короосунда суу түтүгү бар кожолуктар үчүн бир айга бир кожолукка 100 (жүз) сом
- ичүүчү таза суу менен эгин суугарганы үчүн айып пул – 3000 (үч миӊ ) сом ,эгерде үй ээси эскертүүлөргө карабастан эгин суугарууну уланта берсе короосундагы суу түтүгү кесилип алып салынсын
- короосуна суу түтүгүн киргизүүгө уруксат алуу үчүн 5000(беш миӊ) сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Асанов |