Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-октябры № 30
Мады айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин жыл жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн аткарылышы,чыгаша бөлүгүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ЖПБнын сметасынын IV-кварталына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин жыл жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн аткарылышы ,чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ЖПБнын сметасынын IV-кварталына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мады айыл өкмөтүнүн бюджетининүжыл жыйынтыгы менен болжолдуу түрдө киреше бөлүгү 2860,6 мин сомго берилген пландан ашыкча аткарылышынын эсебинен айыл өкмөтүнүн көйгөйлүү маселелерин чечүүгө сарптоого уруксат берилсин.
2. Аталган акча каражатын бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 70629-тармагынын 2215-статьясына 1800,0 миӊ сом, 3111-статьясына 960,6 миӊ сом жана 3112-статьясына 100,0 миӊ сом өлчөмүндө акча каражатын аталган статьяларга которууга уруксат берилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) IV-кварталга 70629-тармагынын 2511-статьясынан 71,2 миӊ сом акча каражаты, 70429-тармагынын 2111-статьясына -53,9 миӊ сом, 2121-статьясына -9,3 миӊ сом жана 2211-статьясына -8,0 миӊ сом которууга уруксат берилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражаттарына кошумча 500,0 миӊ сом акча каражаты бекитилген планга кошууга уруксат берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин финансы, бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (С.Абдувалиев) жүктөлсүн.
Төрага | С. Асанов |