МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык Кеңешинин кезектеги VI шайланган VIII сессиясы
2017-жылдын 4-октябры № 31
«Мады» тазалык ишканасынын техникаларын ондоого айыл өкмөтүнүн эсебинен каражат бөлүү жөнүндө
“Мады” тазалык ишканасынын жетекчиси К.Бакашовдун тазалык ишканасынын техникаларынын абалы начарлап тез-тез бузулуп жатканын, техникаларды ондоого ишкананын өзүнүн каражатынын жетишпестигин маалымдап, техникаларды ондоого айыл өкмөтүнүн эсебинин каражат бөлүп берүүнү суранып жазган кайрылуусун Мады айылдык кенеши талкуулап жана «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-бернесинин 11-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Мады» тазалык ишканасынын техникаларын ондоого Мады айыл өкмөтүнүн эсебинен 30 мин сом өлчөмүндө акчалай каражат бөлүнүп берилсин
2. Бөлүнгөн каражатты таап камсыз кылуу жагы Мады айыл өкмөтүнүн жетекчиси Ж.Матанбаевке жана ФЭБ башчысы М. Мырзабаевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (А.Сидиков) жүктөлсүн
Төрага | С. Асанов |