Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 1
Социалдык саясат (Билим берүү маданият саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комиссиянын протоколдук отчету жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңеши Социалдык саясат (Билим берүү маданият саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча турукутуу комиссиясынын протоколдук отчету жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Социалдык саясат (Билим берүү маданият саламаттыкты сактоо жана спорт) боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук отчету канааттандыраарлык деп баалансын.(протокол тиркелет)
2. Т. Кулатов атындагы жана Беш-Буркан орто мектептеринин директорлору Камкорчулар фонду боюнча бир айдын ичинде банк менен келишим түзүп фонд ачуу жагы тапшырылсын.
3. Мектептердин кароолдору кечки мөөнөт менен мектепте жатуу жагы милдеттендирилсин
4. Арык-Бою орто мектебинин проэктисин түзүү жана акчасын табуу бюджет комитетине милдеттендирилсин.
5. Бүчүр гүл балдар бакчасына бир айдын ичинде жер ажыратып берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жоробеков жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Э. Камаловко милдеттендирилсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кенешинин төрагасы А. Абдикуловко тапшырылсын.
Төрага | А. Абдикулов |
Ынтымак айылдык кенешинин социалдык онуктуруу,саламаттыкты сактоо,билим беруу,жаштар саясаты спорт жана туризим боюнча туруктуу комиссиянын
Протоколу№____
Откорулгон убактысы «19» март 2018-ж.
Катышкандар:
1.И.Ташкенбаева. Туруктуу комиссянын тораймы
Мучолору:
2. А.Газыев Айылдык кенештин депутаты
3. Р.Усонов. Айылдык кенештин депутаты
4. А.Гулматов. Айылдык кенештин депутаты
Кун тартибинде каралуучу маселелер:
1. Метептердин абалы менен танышуу.
2. Бала бакчалардын иштери.
З. УБДтобунун жана ФАПтардын абалы жонунудо.
Угулду: Созго чыгып суйлогон социалдык тармактын комиссиясынын торайымы И.Ташкенбаева томонкулорду суйлоду.
Урматуу комиссиянын мучолору биз томонку маселелерди карап отобуз.
1. Мектептердин абалы менен таанышууда томонкудой маалыматтарга кубо болдук мектептердин жургузуп жаткан иштери жакшы билим сапатын которууго аракет кылып жатышат бирок Кулатов орто мектебинин жургузгон иштери бир аз солгунураак болуп чыкты.
2. Бала бакчалардын жургузгон иштери ото жакшы болуп чыкты.Жетекчилери жана тарбиячылары ата–энелер менен тыгыз байаланышта иштеп жаткандыктарын коргозо алышты.
3. Болница жана ФАПтардын элге кызмат корсотуп жаткан иштери жакшы.
Созго чыгып суйлогон комиссия мучосу А Газыев Кулатов орто мектебинин жургузгон иштерин сессияда отчетун беруусун сунуштайт.
Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап комиссиянын мучолору
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ынтымак айыл окмотундогу социлдык объектилердин ичинен Арык-Бою,Беш-Буркан жана Бучур гул балдар бакчасынын жургузгон иштери канааттандыраарлык деп табылсын
2. Т.Кулатов атындагы орто мектебинин жургузгон иштерин сессияда отчет беруусун талап кылынат.