Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 2
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-декабрындагы 10-сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдыктан 2018-жылга аткарылышы жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдык акча каражатын 2018-жылга иштеттүү боюнча Ынтымак айылдык кеңешинин “Бюджет салык жана финансы” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган.(протокол тиркелет)
Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык Ынтымак айылдык кенеши жалпы кеңеште карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдык кирешелери жана чыгашалары 1133,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдан калган калдык кирешелери жана чыгашалары менен 2018-жылдын бюджетинен төмөндөгү көрсөтүлгөн жумуштарга 1133,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. Анын ичинен төмөнкүлөргө бөлүнсүн.
1. 241500 сом - 23-мартындагы №5 протоколуна негиз ПРООН тарабынан курулуучу хауз хлорателныйге өздүк салымы үчүн 23-мартындагы “Жалпы элдик жыйындын №5 протоколунанегиз бөлүнүп берилсин.
2. 141500сом - 23-мартындагы №5 протоколуна негиз ПРООН тарабынан курулуучу Айыл аймактын борбордук Шаимшидин жана Э. Саитов көчөлөрүнүн 2,5 км жерге жарыктандырууга,өздүк салымы үчүн бөлүнүп берилсин.
3. 176000сом - Т. Кулатов атындагы орто мектебинин спорт залынын терезе эшиктерин пластик эшик-терезелерге алмаштыруу үчүн бөлүнүп берилсин.
4. 10 000сом –Т. Кулатов атындагы орто мектебине прожектор алуу үчүн бөлүнүп берилсин
5. 40 000 - Айыл өкмөтүнүн ветеранына материалдык, моралдык жактан колдоо максатында үйүнө таза-суу киргизүү үчүн бөлүнүп берилсин.
6. 20000 - Жазгы тала жумуштарына, айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн канал-арыктарды тазалоого бөлүнсүн
7. 45000 - Айыл аймагында көрнөк-жарнактарга кайрадан жаңылоо үчүн бөлүнсүн.
8. 80 000 - Мурзакан көчөсүнө электр өткөргүч столба (10д) алуу үчүн бөлүнсүн
9. 150 000-Беш-Буркан айылындагы Ак сай сайына көпүрөө куруу үчүн бөлүнсүн
10. 47 000 -Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепетин жоюуга
11. 20 000 -Эшанкул ата көчөсүнүнө шагал салып жолду оңдоого
12. 50 000 - Спортту өнүктүрүү максатында спорттук иш-чараларга кошумча ажыратылсын
13. 12 000- Айыл өкмөт кеңсесинин көрнөк-жарнактарын жаңылоо үчүн бөлүнсүн.
3. Ушул токтомго карап жергиликтүү бюджеттин финансылык-экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н. Жоробековко жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Пайизовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасы А. Абдикуловко тапшырылсын.
Төрага | А. Абдикулов |