Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 29
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн мал чарбасы боюнча башкы адисинин ишмердүүлүгү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеӊешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн мал чарбасы боюнча башкы адиси М. Алибековдун маалыматтары эске алынсын.
2. М. Алибековдун өзүнө тиешелүү бардык милдеттерди толук аткаруу милдеттендирилсин.
3. Малдардын ылаӊдары, мамлекет тарабынан берилүүчү бекер дарылар жана малдардын өлүктөрү боюнча айыл өкмөт башчысы менен биргеликте мыйзам талаптарына ылайык жумуш алып баруу М. Алибековко милдеттендирилсин.
4. Малдарды каттоону(бирдиктүү базаны түзүү үчүн) мыйзам талаптарына ылайык алып баруу үчүн тиешелүү шарттарды (каражаттар, интернет ж.б.) түзүп берүү айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
5. Малдардын ылаӊдары массалык жайылып кетүүдөн коргоо максатында жана жайыттарды үнөмдүү пайдалануу үчүн жайыт комитети менен биргеликте мыйзам чегинде жайыттарды пайдаланууда чыгармачылык менен жумуш алып баруу М. Алибековко жана жайыт комитетинин төрагасы Т.Чыбышевке жүктөлсүн.
6. Малдарды эмдөө акылары бул мезгилге чейин колдонулуп келген тарифте бекитилсин.
7. Бул жумуштардын аткаруусу боюнча кошумча маалымат жылдын акырында Кеӊеште угулсун.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр-жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо-кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына (төрага: Таштемировко) жүктөлсүн.
Төрага | И. Шайбеков |