Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 30
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн «Батма Бекташова» атындагы маданият үйүнүн жетекчисинин иш ордун которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеӊешинин
алтынчы чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Батма Бекташова” атындагы маданият үйүнүн жетекчиси А.Кунаеванын кароосуз калган клубду өз каражаттары менен аракет кылып жок болуп кетүүдөн сактап калууга кылган эмгектери бааланып, маалыматы эске алынсын.
2. Салам-Алик айылындагы борбордук маданият үйүнүн жетекчиси кызмат орду бош тургандыгына байланыштуу А.Кунаеваны анын жетекчилик ордуна бекитип берүү тиешелүү органдардан суралсын.
3. А. Кунаеванын талапкерлигине макулдук берүү жана тиешелүү органдарга сунуш кылуу жагы айыл өкмөт башчысынан суралсын.
4. Кеӊештин туруктуу комиссиясынын жеринен таанышып, “Батма Бекташова” атындагы маданият үйүндө талаптагыдай шарттар түзүлбөгөн деген корутундусуна таянып, маданият үйүнүн жетекчисинин эмгек акысын каржылоо токтотулсун.
5. Токтомду көзөмөлдөө билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссияга(төрайым: Караева Зууракан) жүктөлөт.
Төрага | И. Шайбеков |