Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 32
Салам-Алик айылынын тургуну Асилбеков Торобектин кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жана туруктуу комиссиясынын корутундусун жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеӊешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Асилбеков Торобектин Кеӊешке кайрылганга чейин эле үйү салынгандыгы жана тиешелүү мыйзамдуу документтери убагында жасалбагандыгы белгиленсин.
2. Паспорту учетко коюлганына бир жыл толгонго чейин тиешелүү документтерди даярдоонун мыйзамдуу жолдору изилденип, тиешелүү эксперттик, убактылуу комиссиядан өткөрүлсүн.
3. Убактылуу комиссиянын курамы бекитилсин: жетекчиси Шайбеков И, Абдуллаев А, Исабаев Ж.
4. Токтомду көзөмөлдөө регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзү-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика тармактары боюнча туруктуу комиссияга (төрагасы: Рысбаев Жолдошбай) жүктөлөт.
Төрага | И. Шайбеков |