Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 33
Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин спорт залы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жана депутаттардын маалыматын жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеӊешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ж.Бөкөнбаев орто мектебинин спорт залынын коопсуздук абалын иликтөө үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн бардык талаптарга ылайык МЧСке кайрылууга чейин мектеп директору жана завхозу тиешелүү жумуштарды алып барсын.
2. Бул аныктамалар чыкканга чейин спорт залга кирүүгө чектөө киргизилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссияга (төрайым: Караева Зууракан) жүктөлөт.
Төрага | И. Шайбеков |