Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 34
«Торгой» участкасындагы көл жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жана депутаттардын маалыматын жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеӊешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Торгой” участогунда көлөмү күндөн күнгө чоӊоюп бара жаткан көл жана анын биздин жарандарыбыздын жашоосуна келтире турган коркунучтары жөнүндө маалыматты чукул иликтөө айыл өкмөт башчысына, өзгөчө кырдаал боюнча башкы адис Р. Сатыбалдыевке жана Ак-Терек, Ара-Көл айылдарынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
2. Эгерде кооптуу кырдаал жаралса тез арада мыйзам чегинде чараларды көрүү боюнча иш аракеттер жүргүзүлсүн, маалыматтар тиешелүү органдарга жеткирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын өтө олуттуу деп кайрадан баса белгиленсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр-жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо-кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына (төрага: Таштемировко) жүктөлсүн.
Төрага | И. Шайбеков |