Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 34
Мурдагы айыл башчынын жубайынын соц.жардам суроо боюнча каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесин жана депутаттардын маалыматын жетекчиликке алып, Салам-Алик айылдык Кеӊешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мурдагы айыл башчысынын ооруп калгандыгына байланыштуу убактылуу эмгекке жараксыздыгы жөнүндө баракчасында көрсөтүлгөн күндөрүнүн эмгек акысы мыйзамдуу түрдө төлөнүп берилсин.
2. Иштен бошотуу Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Айыл өкмөт башчысынан, социалдык адистен мурдагы айыл башчысынын оор оору менен ооруп каландыгын эске алып, мыйзам актылары жол берсе социалдык жактан камкордукка алуу суралсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер, дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссияга (төрайым: Караева Зууракан) жүктөлөт.
Төрага | И. Шайбеков |