Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 18/6
Жазы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын I-жарым жылдыктагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнун жыйынтыктары жана 2017-жылдын II- жарым жылдагына милдеттери жөнүндө.
Жазы айылдык Кеңешинин (VI шайланган) кезектеги VI сессиясы Жазы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ибраимовдун маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын I-жарым жылдыгында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштери көңүлгө алынсын.
2. Милдеттендирилсин айыл өкмөткө:
Айылдардын социалдык-экономикасын көтөрүү , жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, инфраструктураларын жакшыртуу үчүн инвесторлорду тартуу;
а) 2017-жылга салык топтоо болжол планын салыктын түрлөрү боюнча сапаттуу аткарууну камсыз кылуу;
б) Айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын директорлору менен бирдикте айыл өкмөттүн аймагындагы 5,5 тен 7 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүү менен толук кандуу жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жаштарга сапаттуу билим алууга шарттарды түзүү;
в) Турмуштук оор кырдаалга калган үй-бүлөөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү;
г) Айыл өкмөтүнүн 2017-2018 жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын жүзөгө ашыруу боюнча толук кандуу иш алып баруу жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Акматов |