Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 19/6
“Молтүр-Булак” ИСКАКБнын I- жарым жылдыгында Жазы айылдык аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Жазы айылдык аймакта жалпысына 15386 адам жашайт,ичүүчү таза суу менен камсыз болгондордун саны 13000, же 71,4% түзөт, атап айтканда Жазы, Кызыл-Дыйкан, Жээренчи айылдарында таза суу маселеси толук чечилген , ал эми Кара–Дыйкан айылынын Гузновна, Сатыбалдыев, Камбаров, Зулпукаров, Акматов көчөсүнүн тургундары жана Комплексте жашаган тургундар толук камсыз болушкан жок.
2017-жылдын I- жарым жылдыгында I- жарым жылдыгында жалпысынан 39900 сомдук ремонт иштери жүргүзүлдү, суу түтүктөрү залалсыздандыруу үчүн 18000 сом, кабинеттин ремонтуна 10700сом акча каражат сарпталды.
“Молтүр-Булак” ИСКАКБнын аталган мезгилде аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Молтур-Булак” ИСКАКБнын 2017-жылдын I- жарым жылдыгында Жазы айылдык аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоодо жүргүзүп жаткан иши эске алынсын.
“Молтүр-Булак ИСКАКБнын жетекчиси Б.Мойдуновко тапшырылсын.
а) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 02.02. №59 “Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелердин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында Жазы айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү;
б) Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30.05 №34 “ Ичүүчү суунун коопсуздугу”, техникалык регламенти жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын так аткаруу;
в) Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо тутумдарын куруу реабилитациялоо багытында инвесторлорду, донорлорду табуу жана жергиликтүү бюджеттен каржылоо маселелерин чечүү;
г) Ичүүчү суу үчүн болгон төлөмдөрдүн өздүк наркы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
2. Жазы айылдык аймагы боюнча калктан алынуучу төлөмдөрдүн баасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
а) Үйүндө суу түтүгү бар абонент 1айга 100 сомдон, 12 айга 1200 сом
б) Көчөдөн суу ташып ичкен абонент 1 айга 50 сомдон, 12 айга 600 сом.
3. Ак-Кыя участкасындагы булактын көзүн каптаждоо, айланасын жана үстүн тозуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 268760 сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Жазы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматов |