Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 21/6
Жазы айыл өкмөтүнө карштуу Жазы жана Кызыл-Дыйкан айылдарындагы Жазы дарыясынын жээгине жакын жайгашкан айыл тургундарынын үлүштүк сугат жерлерин суу алып кеткендигине байланыштуу трансформациялоо жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Балтабаевдин 2017-жылы жаз айларындагы нөшорлөп жааган жамгырлардын кесепетинен Жазы дарыясында суу көбөйүп нугу биз тарапка ооп суу жээгине жакын жайгашкан үлуштук сугат жерлерди суу алып кеткендиги жөнундө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл өкмөтунө караштуу Кызыл-Дыйкан айылынан 0,20га сугат жери Жазы айылынан 0,20га сугат жер тилкеси суу алып кеткендгине байланыштуу бардыгы болуп 0,40га жер тилкеси айыл чарбасына жараксыз жерлер категориясына которулсун .
2. Милдеттендирилсин Жазы айыл өкмөтүнө тийиштүү документтерди даярдап, өзгөн райондук администрациясына жана өзгөн райондук мамкаттоо башкармалыгына алып барып берүү жагы.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматов |