Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-августу № 23/6
Жээренчи айылындагы Атамкул каналынын үстү жагындагы жаңы чектеги көчөгө эмгектин ардагери Касымалиев Тыныштын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жазы айылдык Кеңеши кезектеги VI сессиясы Жээренчи айылынын жергиликтүү жамаатынын 2017-жылдын 15-июлундагы “Жээренчи айылынын жаңы чектеги көчөгө эмгектин ардагери Касымалиев Тыныштын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколун жана керектүү документтерди карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жээренчи айылынын Атамкул каналынын үстү жагындагы жаңы чектеги көчөгө эмгектин ардагери Касымалиев Тыныштын ысмын ыйгарылсын.
2. Тапшырылсын Касымалиев Тыныштын жакындарына көчөнүн атын жана номерлерин илүү жагы
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана диний маселелер боюнча туруктуу комиссисына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Акматов |