Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
2016-жылдын 11-ноябры № 10
Аукцион өткөрүүгө уруксат берүү жөнүндө
КашкаСуу айыл аймагынын Жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Ө.Шаңшоевдин Жайылма айылындагы Күнгөй-Өтөк участкасынын 164 контурунан 0,10 га жер участкасын короо сарай салуу үчүн аукцион жолу менен сатууга руксат берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жайылма айылындагы Күнгөй-Өтөк участкасынын 164 контурунан 0,10 га жер участкасын короо сарай салуу үчүн аукцион жолу менен сатууга руксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Н. Маматаипов |